БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Жасалма паспорт алууга аракет кылган чет элдик кармалды
30.03.2023 | 19:33
Кыргызстандын жаранынын жасалма паспортун алууга аракет кылган Өзбекстандын жараны “Х.А.Х.” кармалды. Бул тууралуу КР УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК органдары тарабынан ЭТУга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ал “И.М.”» ЭТУнун эмиссарларынын жардамы менен КР жаранынын жасалма паспортун алып, САРдын согуштук зонасы чыгууга аракет кылган.
Аталган Өзбекстандын жараны ЭТУ/ДЭУга тиешеси бар экендиги үчүн Өзбекстандын аймагында издөөдө жүргөнү аныкталды.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом