Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгын чыгарып, мөөнөттөрдүн бузулушуна көңүл бурду

2026-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүүнүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өттү.
Жыйынга Президенттин Администрациясынын, Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин, сот, укук коргоо, көзөмөлдөөчү жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында мамлекеттик органдардын стратегияны 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткаруу боюнча жүргүзгөн ишине баа берилди. Ошондой эле айрым иш-чаралардын өз убагында аткарылбай калышынын себептери, аныкталган кемчиликтер талкууланып, аларды жоюу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар белгиленди.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы Замирбек Акназаров стратегияда каралган иш-чараларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүн белгилеп, аны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар жооптуу экенин баса көрсөттү.
Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын жетекчилери үчүн коррупциянын алдын алуу, коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу, кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу жана коррупцияга каршы ички иштерди уюштуруу маселелери боюнча практикалык окуу өткөрүлдү.
2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүүнүн мамлекеттик стратегиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгы менен бекитилген. Аны ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоону Башкы прокуратура жүргүзөт.