Ысык-Көлдө кайрадан «Салбуурун» фестивалы өттү

Ысык-Көлдүн жээгиндеги Тоң районунун Бөкөнбаев айылында кезектеги «Салбуурун» фестивалы өтүп, ага ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулар жана коноктор чогулду. Иш-чара жыл сайын кыргыз элинин тарыхына, каада-салтына жана өзгөчө маданий мурасына кызыккан адамдарды бириктирет.
Фестивалдын негизги максаты — улуттук маданий мурасты даңазалоо жана туризмди өнүктүрүү. Иш-чаранын алкагында бүркүтчүлөр, жаачылар жана каскадёрлор өз өнөрлөрүн көрсөтүшсө, комузчулар менен көмөй ырчылары концерттик программа тартуулашты.
Салттуу музыкалык аспаптарды кайра жандандыруу менен алектенген усталардын бири үч миң жылдык тарыхы бар унутта калган кыргыз музыкалык аспабы — Аркайык хомусу тууралуу айтып берди. Анын айтымында, бул аспап Кыргызстан аймагынан табылган. Акыркы беш жыл ичинде усталар аны кылдат изилдеп, эми элге тааныштырып жатышат. Аркайык жаадан келип чыккан, жети кылдуу болуп, формасы жаага окшош болгондуктан ушундай аталышка ээ.
Фестивалга катышкан атчан жаачылардын бири бул өнөр чоң чеберчиликти талап кыларын белгиледи. Анын айтымында, ат үстүндө жаа атуу учурунда 2–3 секунданын ичинде жебени алып, ата билиш керек. Ал эми тапшырманы аткарууга жалпы 30 секунд убакыт берилет.
Уюштуруучулар эске салгандай, «Салбуурун» федерациясы 2006-жылдан бери өлкө боюнча жаа атуу, бүркүт жана тайган менен аңчылык боюнча мелдештерди өткөрүп келет. Бул иш-чаралар улуттук салттарды жана аңчылык тайгандарынын тукумун сактоого өз салымын кошууда.
Ошондой эле фестивалда каскадёрлордун бири өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Алгачкы жолу бул өнөрүн Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо Нооруз майрамында көрсөткөнүн айткан каскадёр бул кесип ар дайым тобокелчилик менен коштолорун белгиледи. Анын айтымында, жылкы да өзүнүн мүнөзү бар тирүү жандык болгондуктан жаракат алуу коркунучу ар дайым бар. Ошентсе да бул ишке болгон чыныгы кызыгуу бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет.