Чуңкурчуктагы эгемендик майрамы түркиялык туристтин көзү менен

Чуңкурчуктагы эгемендик майрамы түркиялык туристтин көзү менен

Бүгүн, 31-августта Чүйдөгү Чуңкурчак жайлоосунда эгемендиктин 31 жылдыгы жана Байтик баатырдын 200 жылдыгы белгиленүүдө.

Чуңкурчакта расмий жана майрамдык иш-чаралар өтүүдө. Жети дубандан келген өкүлчүлүктөр боз үйлөрүн тигишип, майрамга карата уюштурулган сынактарга катышууда. Андан тышкары концерттик, спорттук, маданий иш-чаралар уюштурулууда.

Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жаткан иш-чараларды көрүү үчүн Бишкек шаарынын жана жети облустун тургундары да келген. Майрамдык иш-чараларды көрүүгө келгендердин арасында чет элдик туристтер да бар. Алардын бири Түркиянын Стамбул шаарынан келген Харжы Оруч.

Ал бүгүнкү иш-чара боюнча ою менен бөлүшүп, Кыргызстан менен Түркиянын маданияты, кадаа-салттары окшош экенин айтып өттү.

“Атмосфера аябай сонун. Мынчалык чоң масштабда болот деп ойлогон эмесмин. Мыкты уюштурулуптур. Уюштуруучуларды куттуктайм. Көргөндөрүм биздин Түркиядагы маданиятыбызга, Анадолудагы салттарга окшош. Супара, жаргылчак (кол тегирмени), баары окшош. Учурдан пайдаланып, Кыргызстанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм”, — деди Харжы Оруч.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>