Ысык-көлдүк шаман «сыйкырлуу» таштары тууралуу айтып берди

Ысык-көлдүк шаман «сыйкырлуу» таштары тууралуу айтып берди

Бүгүн, 31-августта Чүйдөгү Чуңкурчак жайлоосунда эгемендүүлүктүн 31 жылдыгы жана Байтик баатырдын 200 жылдыгы белгиленүүдө.

Чуңкурчактагы көзгөрмөгө Ысык-Көлдөн келген шаман Кадыр Мусаев өзүнүн ары сырлуу, ары кызыктуу таш менен тизилген (латин ариби менен) жазууларын алып чыккан . Ал көп жылдан бери чогулткан таштарынан “Манас”, “Түркия”, “Анкара”, “Мустафа Кемаль Ататүрк”, “Режеп Тайип Эрдоган” деген жазууларды тапкан. Кадыр Мусаев өзү тапкан таштары тууралуу Reporter.kg’ге кыскача баян айтып берди.

“Манас бар экенине, кыргыз элин коруп-сактап жүргөнүнө ишенип, мен аны далилдейм, жаратылыштан жазуусун табам деп беш жылда “Манас” жазуусун таптым. Ал жазууну беш жыл чогултуп жүрүп, былтыр бүттүм. Андан кийин жайында “түрк” деген аян түшө баштады. Күзгө чейин анын себебин түшүнгөн жокмун. Ошентип күзүндө 9 жылдан бери чогултуп жүргөн таштарымды ачып көрдүм. Ал таштардан алгач  “Мустафа Кемаль Ататүрк”, андан кийин “Түркия”, “Анкара” деген жазуулар чыкты. Бүттү го деп ойлосом, дагы бир “Режеп Тайип Эрдоган” деген жазуу чыкты”, — деди ал.

Анын айтымында, ал “Манас” деген жазууну эч жакка сатпайт. Бирок “Түркия”, “Анкара”, “Мустафа Кемаль Ататүрк” деген жазуулары Түркиядагы музейде орун алса деген тилеги бар. Ал эми “Режеп Тайип Эрдоган” деген жазуусун Түркиянын президентине бирөө-жарым белекке алышы мүмкүн деп ойлойт. Ал сандардын сыйкырына таянып, кыргыз менен түрк элинин өзөгү бир экенин айтып өттү.

“Бул түрк темасындагы төрт жазуудагы таштардын саны элүү экен. Андан мурда табылган “Манас” жазуусунда беш тамга. Элүүгө бешти кошсо, элүү беш болот. Кайра бешти бешке кошсо он болот. Нумерология боюнча онду чечмелесе, бир деген “бир, бөлүнбөгөн, бүтүн” дегенди туюндурат. Жанындагы нөл Теңирден дегенди билдирет. Бул түрк менен кыргыз түбү, өзөгү бир дегенди билдирет. Түрк тарыхчыларынын айтымында, түрктөдүн Кай деген уруусунун, бабаларынын мекени Ысык-Көл болгон экен. Мен бул таштарды кайсы жерден тапты дейсиңиз. Ысык-Көлдөн таап жатам”, — деди ал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>