Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жататКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөтСадыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолукту
Чүй облусунда 38 кутуча бангизат менен закладчик кармалды
24.11.2025 | 15:35
КР ИИМдин Бангизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы кызматынын кызматкерлери 22 жаштагы жигитти бангизат сатууга шектүү катары кармашты.
8-ноябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Чүй каналынын жанына жакын жерден закладчик кармалды. Тергөө учурунда 22 жаштагы Ж.А.Т.дан жалпы салмагы 175 грамм болгон 38 кутуча марихуана табылып алынды.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди — тергөө иштери улантылып жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар

