Арзыгүл Галымбетованын өлүмү: 16 милиционерге сөгүш берилип, 1 жетекчи кызматтан алынды

Арзыгүл Галымбетованын өлүмү: 16 милиционерге сөгүш берилип, 1 жетекчи кызматтан алынды

“AКИpress” маалымат агенттигинин журналисти Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча маалымат чыккан күндөн тартып, бул иш Акыйкатчынын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

А.Галымбетованын өлүмү боюнча шектүү катары кармалган блогер Б.Жолболдуева боюнча Акыйкатчы аппараты тарабынан жасалган иш-аракеттер:

1) Б.Жолболдуева Баткен ИИБ убактылуу кармоочу жайына жеткирилип келгенде, Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлү 28-мартта Б.Жолболдуевага жолуккан. Ал милиция кызматкерлери аны повестка берип чакыртпастан, Раззаков шаарынан Баткен шаарына кармап келип камап койгонун мыйзамсыз, – деп арыз жазган.

2) Баткен өкүлчүлүгү экинчи ирет 5-апрелде барып жолукканда, УКЖ администрациясына, кармоо шарттарына арыз-дооматы жок экенин билдирген.

3) 2022-жылдын 13-апрелинде Баткен облустук сотунун чечими менен Жалал-Абаддагы №53 ТИЗОго которулган. Акыйкатчынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү эртеси 14-апрелде ага жолукканы барганда, Б.Жолболдуева Баткен ИИБ УКЖнын кызматкерлери тарабынан орой мамилеге, моралдык басымга чыдабай, колунун кан-тамырын кескенин белгилүү болуп, ал Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын жетекчисинин жана кызматкерлеринин иш-аракеттеринде орой мамиле жана коркутуулар болгонун жазган.

4) Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу жайынын кызматкерлерине карата жоопкерчилик чара көрүүнү талап кылып, КР Башкы Прокуратурасына расмий кат жөнөткөн.

5) Ал эми Баткен облусунун прокуроруна жазылган катта прокурор сотко бөгөт коюу чарасы боюнча өтүнүч келтиргенде, Б.Жолболдуеванын жашы жете элек эки кичинекей баласы бары, мурда соттолбогону, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун аялдарга карата мамилеси жана эркиндигинен ажыратууга байланышпаган укук бузган аялдарга карата жаза чаралары жөнүндөгү Бангкок эрежелери сакталбаганды көрсөтүлүп, бул талаптарды бөгөт чараны кароодо эске алууну талап кылынган.

6) Бул талаптын эске алынбагандыгы боюнча Башкы прокуратура бизге берген жоопто негиздеме белгиленген эместигин баса белгилейбиз.

7) Акыйкатчы Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу жайынын кызматкерлерине карата жоопкерчилик чара көрүү талабы боюнча Баткен районунун прокуратурасы тарабынан мыйзам бузуучулукту жоюу жөнүндө Баткен ОИИБнын башчысынын наамына сунуш келтирилген.

Баткен ОИИБнын ички иликтөө бөлүмү тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында Баткен РИИБдин 11 кызматкерине сөгүш, 5 кызматкерине “катуу сөгүш”, ал эми Баткен РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайынын жетекчиликке алуу боюнча орун басарына “ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу” тартиптик чара колдонулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>