Мамкурулуштун кызматкерлерине бизнести мыйзамсыз текшергени үчүн иш козголду

Мамкурулуштун кызматкерлерине бизнести мыйзамсыз текшергени үчүн иш козголду

Башкы прокуратура Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, прокуратурага арыз жазылып, курулуш компаниясына П.С. министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган мекеменин кызматкерлери ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелбестен, мыйзамдын талаптарын бузуу менен объектинин ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз текшерүү жүргүзүшкөндүгү аныкталган.

Мыйзам бузуучуларга карата Башкы прокуратура тарабынан «Кызмат адамдарынын ишкердик субъекттерин мыйзамсыз текшерүүсү же алардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу» беренеси боюнча иш козголуп, соттун кароосуна жиберилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>