Чүй: Мурдагы аялын зордуктаган киши колго түштү

Чүй: Мурдагы аялын зордуктаган киши колго түштү

Сокулук районунун Күн-Туу айылында мурунку аялын сабап, зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, 1-сентябрь күнү Сокулук райондук милицияга 1987-жылы туулган Н.А., аттуу жаран кайрылып, 31-август күнү саат 22:30да Күн-Туу айылынан мас абалында мурунку күйөөсү тарабынан дүкөндүн жанынан физикалык күч колдонуп, өзүнүн эркине каршы жыныстык катнашка барганынайтып, ага чара көрүүнү суранган.

Аталган факт 2022-жылдын 1-сентябрында Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүмүндө (Зордуктоо) каралган кылмыштын негизинде Сокулук районунун РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Э.А., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: Зордуктоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>