«Росатом» жана ОКӨФ КРде алгачкы шамал электр станциясын куруу боюнча келишимге кол коюшту«Росатом» Бостеридеги Кыргыз-Орус форумуна катышты«Дордой» конушундагы мушташтан кийин алты шектүү кармалдыБишкекте курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынып, лицензиясы токтотулдуМинкаб Энергетика министрлигине күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин аяктоону тапшырдыОштогу тергөө абагынын имараты музейге айланат
Чүй облустук ооруканасына Эрнст Акрамовдун аты ыйгарылды
24.05.2022 | 22:20
Чүй облустук ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Twitter баракчасына билдирди.
Анын айтымында, чечим бүгүн түштөн кийин жактырылды.

Бүгүн Эдил Байсалов Чүй облустук бириккен ооруканасында болуп, профессор, хирургия бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Эрнст Акрамов менен жолугушкан.
Буга чейин кыргызстандыктар Чүй облустук ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымын ыйгаруу жана ага батир берүү өтүнүчү менен петиция түзүшкөн. Кийинчерээк министр Алымкадыр Бейшеналиев хирург Эрнст Акрамовдун аты аталган бөлүмгө да татыксыз экенин айтып, аны «лопуха» деп атаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат