Чүй облусунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды

Чүй облусунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды

Чүй облусунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Чүй районунун ички иштер органдарына үстүбүздөгү жылдын 28-март күнү саат 04:00 чамасында көчөлөрдүн биринде белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен 2002-жылы туулган Б.Н. кайрылган. Аны коркутушуп, Чүй айылынын сыртына алып барышып, сабап, 11 миң сом өлчөмүндөгү акчасын тартып алышкан. Андан соң ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул факт кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Чүй районунун милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган И.Н., 1997-жылы туулган Н.А., жана 1994-жылы туулган Д.Т. кармалды.

Учурда алар Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бардык керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>