Чүй облусунда көп сандагы ок-дары табылды

Чүй облусунда көп сандагы ок-дары табылды

Чүй облусунда ок-дары сакталган жер табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сентябрь айынын аягында ыкчам иштердин жүрүшүндө Сокулук районундагы айылдардын биринин чет жакасында, мүрзөнүн жанында ок-дары сакталган жер аныкталган. Ал жерди кароо учурунда, Макаров тапанчасынын 9 калибрдеги патрондору салынган 22 коробка, ошондой эле баштыкта аталган калибрдеги патрондор табылган.

«Андан тышкары, Калашников автоматынын 5,45 калибриндеги 72 патрон, бир нече ири калибрдеги патрон, бычак, баштыкка салынган жардыруучу затка окшош цилиндр, коробкадагы белгисиз зат салынган капсула, Макаров менен Калашниковдун окчонтойлору табылып алынган», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт милицияда каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

ИИМдин Кылмышты иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан тиешелүү иштер алынып барууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>