Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандык мигранттардын маянасы айтылды

Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандык мигранттардын маянасы айтылды

Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын орточо маянасы жатакана жана тамак ашы иш берүүчү тарабынан камсыздалганын эске алганда 1,8 миң доллардын тегерегинде. Бул тууралуу Социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы 15 жыл ичинде Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жумушчу күчүн жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна ылайык, EPS программасы боюнча Кореяга 5 миң мигрант жөнөтүлгөн.

“Жумушка кеткендердин көбү тамакаш, химия жана кагаз өнөр жайларында, пластмасса, резина жана айнек буюмдарын өндүрүүдө иштешет”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган программанын алкагында 1,5 миң жаран эмгектенет. Быйыл программа менен 600дөн ашык адам эмгектени кетти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>