Чүй облусунун куткаруучуларына 9.8 млн сомдук техникалар берилди

Чүй облусунун куткаруучуларына 9.8 млн сомдук техникалар берилди

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгы, Токмок шаардык жана башка райондорундагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү 9 888 000 сомдон ашуун суммага атайын багыттагы жабдууларды алышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Куткаруучуларга «Нива» унаасы, мобилдик жылытуу казандары, үйлөмө кайыктар, авариялык жарыктандыруу үчүн жабдуулар, куткаруучунун чыптамалары, суучулдардын комплекттери, байланыш каражаттары, компьютердик техника жана башка бир катар жабдуулар берилди.

Жабдуулар атайын долбоордун алкагында Чүй облусун жана райондорун өнүктүрүү фонддорунун эсебинен, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>