Билим берүү министрлиги Кукже университети менен кызматташат

Билим берүү министрлиги Кукже университети менен кызматташат

27-февралда Билим берүү жана илим министрлиги менен Кореянын Кукже университетинин ортосунда өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Кол коюу аземине билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жана Кукже университетинин башкы директору Шин Хо Чул катышты.

Меморандумдун алкагында тараптар биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө жана ишке ашырууга көмөктөшүү, окутуунун алдыңкы методдорун өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, дизайн жана тигүү өнөр жайы тармагында жогорку квалификациялуу кадрларды жана адистерди даярдоо, илимий кеңеш берүү үчүн профессорлорду тартуу менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана башка милдеттер боюнча кызматташууну мерчемдөөдө.

Меморандумдун предмети – биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана тараптардын узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүү болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>