Садыр Жапаров «Мадина» жаңы базарын ноябрга чейин ишке даярдоону талап кылды21-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидер
Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат. Себеби
16.12.2022 | 16:22
Бүгүн, 16-декабрда саат 19:00дө борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү кечки саат 18:00дөн иш-чара аяктаганга чейин жабык болот.
“Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тыгынды болтурбоо үчүн айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат”, – деп айтылат маалыматта.
Быйылкы балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр. Балатыны кооздоо үчүн 7,5 миң оюнчук, 8 чакырымдык светодиоддук гирляндалар, 2 чакырымдык лампа гирляндалары сатылып алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом