Министр Улан Ниязбековго кат жазган Бейшенбек андан белек алды

Министр Улан Ниязбековго кат жазган Бейшенбек андан белек алды

Бүгүн, 16-декабрь күнү Ош облусунун милиция кызматкерлеринин саптык кароосу өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ички иштер министри Улан Ниязбековдун атынан милициянын ишмердүүлүгүнө кызыгып, милициянын формасын кийип жүргөн  тогуз жаштагы Бейшенбек Эсеевге жаӊы жылдык майрамга карата белек катары уюлдук телефон тапшырылды.

Өткөн жумада  Бейшенбек Эсеев ички иштер министрине кат жолдоп: «Мен дагы сиздерге окшоп келечекте милиция кызматкери болуп, Ата Мекениме кызмат кылгым келет. Мага ата-энем атайын форма да тиктирип берген. Мен азыр төртүнчү класста окуймун! Мени Ош облустук жана Ош шаардык милиция кызматкерлери да жакшы таанышат. Мен ар дайым милиция уюштурган иш-чараларга активдүү катышып келем. Милицияда иштегендердин баарына ийгиликтерди каалайм жана жаңы жылда министрдин акыл-насаатын, белегин алгым келет”, — деп жазган.

Бейшенбек Эсеевге Улан Ниязбеков куттуктоо жолдогонун, келечекте кыргыз эли сыймыктанган милиция кызматкери болуусуна тилектештигин, жакшы окуп, жакшы тарбия алышын жана Мекенибиздин билимдүү, эл керегине жараган мыкты жигиттерден болушун каалап, белегин берип жибергенин айткан Жеӊишбек Абитов ага белекти тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>