Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
Чүй: Үй өрттөнүп, бир киши көз жумду
19.04.2022 | 10:51
Бүгүн түнкү саат 3:10 чамасында Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айыл аймагынын Нооруз дачасында турак үй күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, жерине бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, 4:40та өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен эркек кишинин сөөгү табылган, маркумдун денеси милицияга өткөрүп берилип, өздүгү такталууда.
Жалпы аянты 52 ч.м. турак үй толугу менен күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар