Жума намазга кирип кеткен жарандын 400 миң сому уурдалды

Жума намазга кирип кеткен жарандын 400 миң сому уурдалды

Москва районунда ири көлөмдө буюм-тайым уурдагандар колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыш 6-январда Москва районунун Беловодское айылында, Колхозная көчөсүндөгү мечиттин жанында болгон.

Жабырлануучунун айтымында, ал мечиттин жанына унаасын токтотуп, жума намазга кирип кеткен. Айыл тургуну намаз окуп жатканда унаасынан 400 миң сом уурдалган. Дагы бир арыздануучунун да, телефонун унаасынан тоноп кетишкен. Бул эки факты тең милицияга катталган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен жергиликтүү милиция кызматкерлеринин аракети менен кылмышка шектүү кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон 1991-жылы туулган А.Х. болуп чыккан.

Ал убактылуу кармоочу жайга камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Тэги: кылмышкер

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>