Непалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 469 адамга жетти«100 ишкана түзөбүз»: Темир Сариев Кытай менен өнөр жай бирлигин курууга чакырдыБишкекте «Нелегал» рейддеринин жүрүшүндө 200дөн ашык чет элдик жаран аныкталдыЗаводдор, ГЭСтер жана экспорт: Кыргызстан кытайлык инвесторлорду кайсы тармактарга чакыруудаКөчмөндөр оюндары учурунда ден соолукту кантип сактоо керек — медиктердин сунуштамаларыЫсык-Көлдө «Ден-Соолук» борборунун жаңы корпусунун курулушу башталды
Чүйдө 19 жаштагы кыз өгөй атасын бычактады
12.04.2022 | 14:42
Жайыл районунда 40 жаштагы кишини бычактоого шектелип 19 жаштагы кыз кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдирди.
Маалыматка караганда, бычакталган киши аймактык ооруканага 11-апрелде түшкөн. Жерине барган ыкчам тергөө тобу жабырлануучу менен өгөй кызынын ортосундагы пикир келишпестиктен улам жаңжал чыкканын аныкташкан.
Факты боюнча «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен козголгон иштин алкагында кылмышка шектүү катары Т.Н. атуу кыз кармалды.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар