Акжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат
Бишкектеги урап калган үйдү курган прорабдар камакка алынды
12.04.2022 | 13:46
Бишкектеги урап калган үйдү курган прорабдар камакка алынды. Бул туурасында баш калаанын Ленин райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жаш Гвардия жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын дубалы урап, жанындагы турак үйдү басып калган окуя боюнча эки адам камакка алынды. Алар аталган курулушта прораб болуп иштеген 1966-жылы туулган И.А. жана 1962-жылкы Ж.М. аттуу жарандар.
Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын дубалы урап, жанындагы турак үйдү басып калган. “KG Восток Сервис” курулуш компания куруп жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар