Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Чүйдө алдамчылыкка шектүү аял кармалды
24.08.2022 | 17:13
Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, Аламүдүн райондук милициясына Б.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал Б. жана С. аттуу аялдар 2021-жылдын 16-январында Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында жайгашкан 8 сотык жер тилкесин жеке турак жай салуу үчүн 8 миң АКШ долларына баалап сатышканын, кийинчерээк ал жер айыл чарба багытындагы жер экендиги аныкталгандыгын билдирген.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин Алдамчылык беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип 1962-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Тергөө уланып жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом