Бишкекте баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталды

Бишкекте баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталды

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталды, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Октябрь райондук милициясынын Тергөө кызматы менен биргеликте Бишкекте ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лабораторияны аныкташты.

2022-жылдын 1-июнунда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Лев Толстой жана Султан Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен жаран З.Э. кармалып, анын жанынан 95 грамм «Альфа-ПВП» психотроптук каражат табылган.

Ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө З.Э. аттуу жарандын үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталып, химиялык каражаттар жана синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү үчүн жабдыктар (суюктук, тараза, идиштер, респиратор жана башкалар) табылган. Андан сырткары, кармалган жаран буга чейин 347 грамм болгон «Альфа-ПВП» психотроптук каражатты катып койгон көмүскө жайды көрсөтүп берген.

Табылып алынган психотроптук каражаттын жалпы салмагы 471 граммды түзүп, ал 1,5 млн сомдон ашык суммага бааланган. Ошондой эле өзгөчө кескин жыты бар күрөң түстөгү каражат салынган 6 канистр табылды.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, 2 канистрде суюктук түрүндөгү «Альфа-ПВП» психотроптук каражаты, ал эми 4 канистрде аларды даярдоо үчүн заттар болгон.

Азыркы учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>