Чүйдө аттестаттарды коррупциялык жол менен бергендер аныкталды

Чүйдө аттестаттарды коррупциялык жол менен бергендер аныкталды

Москва жана Панфилов райондорунун сырттан окуган орто мектептеринде коррупциялык иштер аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, орто билими тууралуу аттестаттарды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары окуу жылында иш жүзүндө өлкөдөн тышкары болуп, физикалык жактан сабакка бара алышпаса да, ортомчулар аркылуу окуу жайлардын жетекчилигине жасалма түрдө окуу жайларына тапшырганы аныкталды.

Аткаминерлер 300 доллардан 600 долларга чейинки акчаны документтерди мыйзамсыз бергени үчүн алышкан.

Алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстандан сыртта жүргөн окуучуларга мекемелер тарабынан 52 орто билими тууралуу аттестат берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>