Доллар менен насыя алган ишкерлер төгө албай жатышат

Доллар менен насыя алган ишкерлер төгө албай жатышат

Балыктарын Орусияга саткан «Тянь-Шань-Форел» чарбасынын жетекчиси Илгиз Сарылдык уулу доллар менен алган насыясын төлөй албай жатканын айтып, доллардын курсунун өсүшүнөн улам кандайдыр бир чара көрүү талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылды. Бул кайрылуусун фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Ал кайрылууда, «ушул айда Айылбанктагы насыясынын төгүү убактысы бүтүп калды. Кредит 2020-жылдын январында АКШ доллары менен алынган. Ошол маалда доллар 69,87 сомго бааланган. Бүгүнкү күндө ал 1 доллар үчүн 101,69 сомго жетти. Биздин компания «Тянь-Шань-Форел» ЖЧКсы өзүнүн продукциясын Орусиянын рыногуна экспорттоо менен алектенет жана товарларын орус рублинде сатат. Доллардын рублга болгон курсу бүгүнкү күндө долларга 155 рублди түзөт.

Банктын кызматкери менен телефон аркылуу байланышып, “чет элдик валютада алган кредиттерин сомго которуунун үстүндө иштеп жатабы же жокпу”- деген сурообузга алардын жообу бизди абдан капалантты. Анткени банкта бул багытта эч кандай иш жүргүзүлбөй жатканын айтышты.  «Айылбанк» мамлекеттик негизги банк экенин эске алсак, банк  өкмөттөн же Улуттук банктан көрсөтмөлөрдү күтүп жатканын, көйгөйлөрдү ишкерлер өздөрү чечиши керектигин билдиришти.

Дүйнөдө болуп жаткан окуялар “форс-мажордук” жагдайлар катары бааланып, банк менен түзүлгөн келишимге ылайык, банк  карыз алуучулардын банкрот болушун күтпөстөн келишимдин шарттарын кайра карап чыгышы керек. Кыргызстандын бардык экспортко ылайышташкан ишкерлери ушундай абалда экенине ишенем. Бирок азырынча бул көйгөй боюнча бири да унчукпай турушат. Өкмөт каржы системасын турукташтыруу маселелерин чечүү үчүн антикризистик чараларды иштеп чыкканы да билинбейт.

Ушул кырдаалга байланыштуу бизди өзүңөрдүн көйгөйүңөрдү чечип алгыла деген мамиление түшүнүп, сиздерге ачык кайрылуумду карап чыгып, бул маселени оң жагына чечип берүүңүздөрдү суранам”— деп айтылат кайрылууда.

Ушул тапта АКШ доллары Бишкек шаарында 103 сомдон сатылып, 100 сомдон сатып алып жатышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>