Кыргызстан менен Казакстан өз ара соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдөЫрчы Мирбек Атабековго Эл артисти наамы ыйгарылдыФинкөзөмөл кумар оюндарын бөгөттөө үчүн интернет-трафикти көзөмөлдөөнү сунуштадыБишкекте мыйзам талаптарын бузган курулуш объектилерине 1 млн сом айып салындыБишкекте кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналган концерт өтөтКапитан Пикар менен профессор Ксавьердин ролдорун аткарган Патрик Стюарт көз жумду
Чүйдө аял киши иске ууланып каза болду
19.12.2022 | 12:39
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Восток айылында аял киши иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 18-декабрь күнү Восток айылынын Карл Маркс көчөсүндө болгон.
“Өрттүн кесепетинен Б.О. аттуу аял киши түтүнгө ууланып каза болгон. Маалыматка ылайык, аталган жаран талма оорусу менен жабыркап келген. Мындан сырткары кырсыктын кесепетинен 36 жаштагы В.О. аттуу эркек киши жабыркаган. Куткаруучулар жаранды үйдөн чыгарып, биринчи жардам көрсөтүп, ооруканага жеткиришкен”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз