Чүйдө башка бирөөнүн жерин 60 миң долларга саткан аял кармалды

Чүйдө башка бирөөнүн жерин 60 миң долларга саткан аял кармалды

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБге арыз менен К.М. аттуу жаран кайрылып, К.Ж. аттуу жаран 22-сентябрда жасалма паспорт колдонуп башка бирөөгө тийешелүү болгон Кок-Жар айылында жайгашкан жер тилкесин 60 000 АКШ долларга баалап сатканын айтып, чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Аламүдүн РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

ИИМдин КИББнын кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү болгон 1972-жылы туулган Э.Ж. жаран ЖПКнын 96 беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>