Чүйдө эки адамдын урушу өлүм менен аяктады. Шектүү аял кармалды

Чүйдө эки адамдын урушу өлүм менен аяктады. Шектүү аял кармалды

Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын январь айынын башында Аламүдүн РИИБге Ленинское айылынын 1963-жылы туулган Ч.Ю. аттуу тургунунун жансыз денеси  өз үйүндө табылганы боюнча маалымат түшкөн.

Аталган окуя боюнча Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматында Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (адам өлтүрүү ) көрсөтүлгөн курам менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында, бул кылмышты жасаган адам аныкталган. Ал өлгөн адам менен чогуу жашаган 1977-жылы туулган П.И. аттуу аял экени такталган. Ал Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин талаптарына ылайык шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.

Аламүдүн райондук соту тарабынан камакка алуу бөгөт коюу чарасы тандалды. Кылмыш ичкиликтен келип чыккан уруштун айынан болгондугу аныкталды. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>