Садыр Жапаров Анкарада Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйландыАйрым аймактарда жаан жана кар жаайт: 30-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообу
Чүйдө эки киши көлмөгө чөгүп кетип, биринин сөөгү табыла элек
11.06.2023 | 19:59
Чүйдүн Кемин районунун Орловка шаарында эки киши көлмөгө чөгүп кетип, биринин сөөгү табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, ӨКМге 1991-жылы туулган 2 жаран 9-июнда кечинде көлмөгө эс алууга барып, сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
10-июнь күнү саат 10:50дө суучулдар А.Ж. уулу аттуу жарандын сөөгүн суудан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Бүгүн сууга чөккөн экинчи К.А. аттуу жаранды издөө иштери жүрүүдө.
Издөө иштерине 3 суучул, 2 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана сууга чөккөн жарандын туугандары тартылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз