Курманбек Бакиев дагы бир иш боюнча соттолду

Курманбек Бакиев дагы бир иш боюнча соттолду

Биринчи май району соту мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын уулу Максим Бакиевге жана бир нече адамга Кумтөр иши боюнча сыртынан өкүм чыгарды.

Райондук сот берген маалыматка ылайык, өкүм үч ай мурда, тактап айтканда 2023-жылдын 1-мартында чыгарылган. Ал тууралуу жаңы гана белгилүү болууда.

Өкүм мурдагы президент Курманбек Бакиевге, уулу Максим Бакиевге, Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевге, Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин мурдагы башчысы Капар Курманалиевге, финансы министринин мурдагы орун басары Эмирлан Төрөмырзаевге, мурдагы тышкы соода жана өнөр-жай министри Садриддин Жээнбеков, өкмөт башчынын аппаратынын юридика бөлүмүнүн мурдагы башчысы Елена Белковскаяга чыгарылган. Алардын баары Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү (Коррупция (Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген жосун) боюнча соттолгон.

Курманбек жана Максим Бакиевдер, Елисеев жана Курманалиев башка иштер боюнча да соттолгондуктан, аларга 78-беренеге ылайык (Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо) жаза дайындалган.

Соттун өкүмүнө ылайык, Курманбек Бакиев 10 жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле учурда, Бакиев 2016-жылдын 29-июлунда Жогорку сот тарабынан соттолгондуктан, мурдагы жана азыркы жазаа мөөнөттөрүн кошуу менен ал 30 жылга эркинен ажыратылган (Курмабек Бакиев 2014-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок 2016-жылы Жогорку сот «кылмыш жасаган учурда жашы 60та болгон эркектер өмүр бою эркинен ажыратылбайт» деген нормага таянып, Бакиевди 30 жылга соттогон).

Аны менен бирге анын уулу Максим Бакиев 13 жылга соттолгон. Ага карата Бишкектин Октябрь райондук сотунун 2018-жылдагы өкүмү бар болгондуктан, Максим Бакиев өмүр бою эркинен ажыратылган.

Капар Курманалиев 10 жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле маалда, ага карата 2014-жылдагы сот өкүмү бар болгондуктан, Курманалиев жалпы 13 жылга соттолгон.

Алексей Елиссев 12 жылга соттолгон. Мурдагы сот өкүмү бар болгондуктан, мурунку жаза мөнөөттөрү менен бирге 30 жыл берилген. Ошондой эле, ал мамлекетке 15 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилген.

Эмирлан Төрөмырзаев 12 жылга, Садриддин Жээнбеков 10 жылга, Елена Белковская 9 жылга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле, соттолгондордун мүлкүн конфискациялоо, үч жыл мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу каралган.

Белгилүү болгондой, бул иш Кумтөр менен байланыштуу. Жергиликтүү басылмалар жазгандай, «өкүмдө 2009-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин калкалоосу менен Кумтөр кени боюнча кыргыз өкмөтү, «Кыргызалтын» ишканасы, «Центерра Голд», «Кумтор Голд Компани» жана «Кумтор Оперейтинг Компанинин» ортосунда түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбегени айтылат».

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>