Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Чүйдө каракчылар кармалды
06.09.2022 | 11:31
Чүйдө каракчылыкка шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-августта Сокулук райондук милициясына Бишкек шаарынын Улуттук хирургия борборунан 27 жаштагы жаран жаарат алып жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Маалым болгондой, эки белгисиз адам 27 жаштагы К.М. аттуу жаранды унаасына күчтөп отургузуп, Күн-Туу айылына алып барган. Ал жактан учтуу нерсе менен жаракат кылып, акчасын алып кетишкен.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча иш козголгон. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 31 жаштагы М.Д. жана 30 жаштагы К.М. аттуу жарандар кармалган.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда