62 гектар жерди саткан. Башкы прокуратуранын тергөөчүсү кармалды

62 гектар жерди саткан. Башкы прокуратуранын тергөөчүсү кармалды

Башкы прокуратура тарабынан мыйзамсыз ажыратылган жер тилкелерин сатуу фактысы боюнча «БМЗ» ААКсынын (Ленин атындагы завод) тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК прокуратура органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө 5-сентябрда Аскер прокуратурасы менен биргеликте Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү «С.Н.М.» кармалды.

Сокулук районунун аймагында жайгашкан «Бишкек машина куруучу завод» ААКга таандык жалпы аянты 62 гектар жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну уюштурганы аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 3-бөлүгү (Коррупция) менен кармалган иштин алкагында Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү “С.Н.М.” Кылмыш-жаза кодексинин 96 жана 97-беренелери менен кармалып, андан ары тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Буга чейин «БМЗ» ААКнын көрсөтүлгөн жер тилкелерин мыйзамсыз ээлик кылуу учурундагы коррупция фактысы боюнча КР Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору Ч.Н.З. жана “БМЗ” ААКтын мурдагы кызматкерлери кармалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: коррупция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>