Чүйдө киши өлтүрүүгө шектүү делип чет элдик жаран кармалды

Чүйдө киши өлтүрүүгө шектүү делип чет элдик жаран кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда адам өлтүрүүгө шектүү делип чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 9-апрель күнү саат 5:35те Ивановка айылындагы үйлөрдүн биринен зомбулуктан каза болгон жергиликтүү тургундун жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Ыкчам кызматкерлер анын ондон ашык бычактан жаракат алганын аныкташкан.

Ошол эле учурда эки колунун чыканак мууну кесилген абалда аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылган даректе жашаган Я.З аттуу жаран түшкөнү маалым болгон.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси “Киши өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголду.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында адам өлтүрүүгө шектелип 39 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Алар кандын изи менен узундугу 25 сантиметр болгон бычакты табышкан. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>