Адал колбасадан чочконун эти чыкканы боюнча “Адал азык” ишканасы үн катты

Адал колбасадан чочконун эти чыкканы боюнча “Адал азык” ишканасы үн катты

Биздин продукцияларга чочко эти кошулбайт. Ага 100 пайыз кепилдик бере алабыз. Бул тууралуу “Адал азык” ЖЧКсынын башкы директору Мырзабек  Орумбаев 10-апрелде Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Россияга экспорттолуп жаткан адал колбасадан чочко эти табылганы боюнча Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын маалыматын алар интернет аркылуу билишкен.

“Россельхознадзордун жыйынтыгы Алтайдан алынган биздин продукциядан чыгарылган. Ал партия Кыргызстандан 25-мартта жиберилген. Белгилей кетсем, биз Алтайга продукция жөнөтпөйбүз. Биздин продукциялар Москва менен Новосибирскке гана жиберилет. Биз эки шаарга жөнөтүлгөн продукцияга гана кепилдик бере алабыз. Биздин продукциянын башка аймактарга кандай шартта жөнөтүлгөнүн көзөмөлдөбөйбүз”, — деди Мырзабек  Орумбаев.

Ошондой эле, ал бүгүн даяр продукциялар лабораторияга текшерүү үчүн жиберилгенин айтып,  анын жыйынтыгын башка өлкөлөрдө дагы текшертүүгө даяр экенин белгиледи.

Орумбаев белгилегендей, Кыргызстан 2022-жылдын биринчи кварталында Россияга 51 тонна продукция экспорттолсо, 2023-жылдын биринчи кварталында 144 тонна продукция жөнөтүлгөн. 2023-жылдын үч айында аталган ишкана бюджетке 57 млн 671 миң сом салык төлөгөн.

Буга чейин Россельхознадзор Кыргызстандан Россияга экспорттолуп жаткан адал колбасадан чочко эти табылганын маалымдаган.

«Кыргызстандан алып келинген адал колбасаларынын курамынан атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан чочко эти жана соя табылган. Кеп Кыргызстандын Чүй облусундагы компания жөнүндө болуп жатат. Аталган компания өзүн «Адал» стандарты боюнча эт азыктарын чыгарган ишкана катары көрсөтүп келет», — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде «Тойбосс» компаниясы Россельхознадзордун билдирүүсүнө жана кыргызстандыктардын тынчсыздануусун эске алып, эч качан адал эмес этти колбасага колдонбогондугун, мал союуда шарият мыйзамдары так сактала тургандыгын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>