Чүйдө мугалим окуучуга кол көтөрдү. Иш милицияга өттү (ВИДЕО)

Чүйдө мугалим окуучуга кол көтөрдү. Иш милицияга өттү (ВИДЕО)

102 кызматы аркылуу Аламүдүн райондук милицияга райондогу мектептердин биринде бейбаштык фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  окуя болгон жерге Аламүдүн милиция кызматкерлери барышып, аталган мектептин окуучуларынын бир нече ата-энелери аталган мектепке чогулуп, мугалим эжейи окуучуларды сабап жаткандыгы боюнча фактыны аныкташкан. Мугалим окуучуну силкилдеткен видео боюнча териштирилет.

 

Бул факты боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү райондук ички иштер бөлүмүнүн ИИБ кызматкерлери жана жогоруда аталган мектептин администрациясы тарабынан чакырылып, келип түшкөн арыздарды кароого ата-энелер да чакырылганын маалымдайбыз.

Алдын ала маалыматтар боюнча, сабак учурунда видеодогу окуучу мугалимге орой сүйлөгөн. Учурда билим берүү башкармалыгы өз багыты боюнча текшерүү жүргүзөрүн билдиришкен.

Бул факты Аламүдүн райондук милицияга катталып, окуучулар тарабынан тартылган видео материалга дыкат изилдөө үчүн тиркелет. Бул фактыны текшерүү улантылып, жыйынтыгында мугалимдин аракетине юридикалык баа берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>