Чүйдө мурдагы айыл башчы жана депутат кармалды, — УКМК

Чүйдө мурдагы айыл башчы жана депутат кармалды, — УКМК

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Октябрь айыл аймагынын мурдагы башчысы Т.у.К. жана жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты М.Ж. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, алар коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айыл аймагынын мурдагы башчысы Т.у.К., ошондой эле 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) ылайык жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты М.Ж. (Марлен Кей Джи” Фондунун директору) жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз чыгарып алуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы үчүн кармалышты.

Белгиленгендей, 2017-2020-жылдар аралыгында Т.у.К. аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адиси К.Б. жана жергиликтүү кеңештин депутаты М.Ж. менен алдын ала сүйлөшүп алып жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү деген шылтоо менен жарандардан мыйзамсыз түрдө акча өндүрүшкөн. Жарандар 30 000 (отуз миң) сомдон  “Марлен Кей Джи” коомдук кайрымдуулук фондунун (ККФ) эсебине которууга мажбур болушкан. Бул коррупциялык схеманы ишке ашыруунун натыйжасында, акча каражаты Октябрь айыл аймагынын бюджетинен айланып өтүп, жер тилкесин алуу үчүн шарт катары киргизилген.

“Айыл Банк” ААКсынан “Марлен Кей Джи” ККФнын финансылык эсептериндеги документтерди алуунун жыйынтыгында мыйзамсыз жыйымдардын жалпы суммасы 6 млн 767 миң сомду түзгөндүгү, ал акчалар мезгил-мезгили менен М.Ж. тарабынан накталай алынып тургандыгы аныкталды. Ошол эле учурда “Марлен Кей Джи” ККФнын эсебине аталган төлөмдөрдү төлөгөн жарандардын саны 240тан ашат.

Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн коррупциялык схеманы уюштуруунун натыйжасында аталган айыл аймактын  жашоочуларынын жер тилкелерин алуудагы кезектүүлүк тартиби одоно бузулган.

Муну менен катар Т.у.К.га карата Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусундагы жерлерди туугандарына жана өзүнүн жакындарына тиешелүү процедураларды жүргүзбөстөн мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө.

2023-жылдын 25-майында аталган жарандар Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>