«Тормозни, сникерсни!», — Ташиев ундун баасы өскөнүн айткан депутаттарга жооп берди

«Тормозни, сникерсни!», — Ташиев ундун баасы өскөнүн айткан депутаттарга жооп берди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев азык-түлүк, анын ичинде ундун баасы кымбаттаганы тууралуу маселени көтөргөн депутаттар Марлен Маматалиев менен Тазабек Икрамовго «Фейсбук» аркылуу жооп берди.

Ташиевдин айтымында азык-түлүктүн баасы кымбаттап жатканын айткан депутаттар «хайп» жасап жатышат.

«Ундун баасы боюнча көтөрүлүп кетти» деп «хайп» кармаган депутаттарга айтарым, баа көтөрүлбөйт. Мамлекетте кошумча чаралар көрүлгөн. Туура, казактардын унунун баасы көтөрүлдү. Ал бизден көз каранды эмес жана элибизге эч кандай зыян алып келе албайт», — деди ал.

Ал билдиргендей, учурда 1-сорттогу ундун 1 килограммынын баасы 30 сом, бир кап ун 1500 сом болууда.

«Жакын арада мындан да төмөндөшү мүмкүн. Сбеби арзан баада камдап койгон буудайларыбыз кийинки түшүмгө чейин жетет. Өсүмдүк майы, кумшекер да жетиштүү, баалар көтөрүлбөйт! Мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугу жетиштүү камсыздалган. Так что, ЖК депутаттары Маматалиев, Икрамов тормозни, сникерсни!», — деп жазды Ташиев.

Эскерте кетсек, бүгүнкү парламенттин жыйынында депутат Маматалиев азык-түлүктүн, ундун баасы кескин кымбаттап жатканын айтып, азык-түлүк боюнча жооптуу жетекчилерди сынга алган. Ал ундун баасы көтөрүлгөнүнө карабай Айыл чарба министрлиги, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана Монополияга каршы агенттик чара көрбөй жатканын билдирген. Маматалиев өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, тиешелүү жетекчилерге «Сникерс» алып берип, «не тормози, сникерсни» деп коюңузчу» деп суранган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>