Чүйдө жаран мурдагы аялынын кулагын кесип салган. Милиция эмне дейт?

Чүйдө жаран мурдагы аялынын кулагын кесип салган. Милиция эмне дейт?

Чүй облустук милициясы Селекция айылында мурдагы күйөөсү аялын сабап, кулагы менен мурдун кескен окуядан кийин айтылган сындар боюнча үн катты.

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова аталган окуя боюнча маселе көтөрүп, милиция чакырылгандан кийин окуя жерине бир нече сааттан кийин келгенин, жабыркаган аял мурда кайрылганда милиция чара көрбөгөнүн айтып, сындаган.

Облустук милицияга аталган сынга жооп кылып, үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү милициянын ишинин артыкчылыктуу багыты болуп саналарын, үй-бүлөлүк зомбулукка, айрыкча аялдарга жана балдарга карата жол бербөө боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүп турарын билдирди.

Милициядан билдиришкендей, алар өз убагында реакция кылбаганда, окуянын кесепети азыркыдан да оор болмок. Окуя тууралуу милицияга 20-сентябрда саат 07:00до маалымат түшүп, жабырлануучунун батиринде шектүү ызы-чуу салып жатканы кабарланган.

«Сокулук райондук милициянын эки кызматкери саат 07:15те окуя болгон жерге келип, жеринде батирдин ичи кан болуп жатканын көрүшүп, куралдуу каршылык көрсөткөн шектүүнү кармашкан. Андан соң милиция кызматкерлери шектүүнү Кун-Туу айылдык милиция бөлүмчөсүнө алып барып, (жабыркаган аял тууралуу – ред.) тез жардам кызматына кабарлашкан.

Шектүүнү айылдык бөлүмчөгө жеткирип, кайра окуя болгон жабырлануучунун батирине келишкен. Ал жерден тез жардам келе электигин билип, өзүлөрүнүн кызматтык унаасы менен жабырлануучуну ооруканага алып барышкан», — деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыш жасаган адам кармалып, шектүү катары убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Ошондой эле милиция Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанованын жабырлануучу мурда дагы милицияга кайрылганда, ал кайрылуусу реакциясыз калган деген билдирүүсү боюнча маалымат берди.

Милициянын маалыматы боюнча, 2022-жылы сентябрь айында аталган аял милицияга кайрылып, мурдагы күйөөсү 31-августта Селекция айылында кармап алып, күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Бул факты боюнча 1-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1984-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалган. Ал камакка алынып, кылмыш иши тергелип бүткөндөн кийин соттук кароого жөнөтүлгөн.

«Соттук кароодо жабырлануучу тосмо арыз менен кайрылганына байлыныштуу кылмыш иши сотто кыскартылган», — деп айтылат маалыматта.

Арадан бир нече ай өткөндөн кийин, 2023-жылдын 31-январында аталган аял кайрадан арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу Э.А. Селекция айылындагы үйүндө күч колдонуп дагы зордуктаганын билдирген. Аталган факты боюнча 31-январда Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Ошол эле күнү шектүү кармалып, айыбы угузулуп, камакка алуу бөгөт чарасы колдонулган. Иш Сокулук райондук сотуна жөнөтүлгөн. Сокулук райондук соту А.Э.ге карата пробациялык көзөмөлгө алуу боюнча өкүм чыгарган. Ал өкүмгө нааразы болгон айыпталуучу А.Э. Чүй облустук сотко даттанган. Учурда ал кылмыш иши боюнча соттук кароо жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда Селекцияда эркек киши мурдагы аялын сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Шектүү катары 39 жаштагы Э.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Жабыркаган аял ооруканага түшкөн. Улуттук госпиталда ага операция жасалып, ал 8 саатка созулган. Учурда анын абалы орто оор деп бааланууда.

Чүйдө күйөөсү аялын сабап, кулагын жана мурдун кесип салган

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>