Таанышын өлтүрүп, сууга ыргытып жиберишкен. Шектүүлөр кармалды

Таанышын өлтүрүп, сууга ыргытып жиберишкен. Шектүүлөр кармалды

Парфилов районунда адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 26-апрелинде Панфилов районунун Жайылма айылынын түндүк тарабындагы Чоң Чүй каналында эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо барып, өлгөн кишинин денесинде зомбулуктун издери бар экендиги аныктап, соттук-медициналык экспертиза тарабынан да тастыкталган.

Аталган окуя Панфилов райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында маркумдун өздүгү аныкталып, ал 1968-жылы туулган В.Х. аттуу жаран экендиги такталган.

Чүй ОИИББнын жана Панфилов РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, бул кылмышка шектүү адамдар аныкталып, 1978-жылы туулган К.Т. жана 1962-жылы туулган Д.Т. аттуу адамдар кармалып, ЖПКнын 96-беренесинин негизинде, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя алар ичимдик ичип отурушуп, ортодогу чырдан улам келип чыкканы жана шектүүлөр кылмыш жообунан кутулуу максатында өлтүрүлгөн адамдын денесин Чоң Чүй каналына алып барып ыргытып жиберишкени аныкталган.

Учурда тергөө иштер уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>