Апта ичинде кимдер жетекчилик кызматка дайындалды?

Апта ичинде кимдер жетекчилик кызматка дайындалды?

Кыргызстанда ушул жылдын 24-апрелинен  28-апрелине чейин бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Reporter.kg апта ичинде кызматка дайындалган жетекчилерди тизмектеди.

Данияр Бостонов Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон документке ылайык, Александр Настаев Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору кызматтан алынып, анын ордуна Данияр Бостонов дайындалды.

Канатбек Бегалиев «Спорттук курулуштарды башкаруу жана спортту колдоо» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.

Буга чейин Канатбек Бегалиев Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болгон.

Мамлекеттик университеттин мурдагы директору Айбек Абдымомунов Дене тарбия жана спорт департаментинин директору болду.

Канатбек Бегалиев 2008-жылы Бээжинде өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиада оюндарында өлкөнүн атынан биринчи жолу күмүш медаль тагынган. Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын (2006) күмүш жана Азия чемпионатынын (2007) алтын медалынын ээси.

Стефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын жаңы башкы машыктыруучусу болду.

50 жаштагы словакиялык Стефан Тарковичтин талапкерлиги 24-апрелде КФСнын аткаруу комитетинде жактырылды.

Стефан Таркович УЕФАнын машыктыруучу лицензиясына ээ. 2022-жылга чейин ал Словакиянын курама командасын жетектеп, ЕВРО-2020 нын финалдык баскычына алып барган.

Буга чейин курама команданын машыктыруучусу болуп Александр Крестинин иштеген.

Адилет Жанузаков Жаза аткаруу кызматынын күзөт жана коштоо бөлүмүн жетекчиси болду.

Мурдагы жетекчи полковник Улан Бердикожоев пенсияга узатылды.

36 жаштагы Адилет Жанузаков президенттик администрациянын кырдаал борборунун директору болуп эмгектенип келген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>