Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ысык-Көл облусунунда телефон уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-июль күнү Ысык-Көл райондук милициясына Каракол шаарынын 51 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылган. Ал арызында,  Ысык-Көл районундагы эс алуучу жайда күзөтчү болуп иштей турганын, 31-июлга караган түнү болжол менен саат 02:00до анын иш бөлмөсүнөн «Самсунг А 01» уюлдук телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Уурулук жасалган убакта ал эс алуучу жайдын аймагын текшерип жүргөн. Натыйжада арыз ээсине 8 миң сом материалдык чыгым келтирилген.

Аталган факт райондук милицияда каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Жакында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, уурдоого шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 43 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын К.Ж. аттуу тургуну кармалып, райондук милициянын тергөө кызматына алып келинген. Алдын ала сурак учурунда, шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, жабырлануучунун уюлдук телефонун өз ыктыяры менен өткөрүп берген», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө уланууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>