Ош шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулуудаМамлекеттик бюджеттен респиратордук колдоого муктаж балдар үчүн каражат бөлүндүIT, креативдүү экономика, технология: Бишкекте «Go Viral Festival 2026» фестивалы өтөтАйрым аймактарда жаан жаайт: 8-августка карата аба ырайы
Аба ырайы: 8-августта айрым аймактарда жаан жаайт
07.08.2022 | 12:49
Эртең, 8-августта Баткен облусунан тышкары, башка облустардын айрым райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15 … +20, күндүз +27 … +32;
Талас жергесинде түнкүсүн +11 … +16, күндүз +26 … +31;
Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн +20… +25, күндүз +31 … +36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12 … +17, күндүз +24 … +29;
Нарында түнкүсүн +11 … +16, күндүз +23 … +28 градус жылуу болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +18 … +20, күндүз +30 … +32 градус болот.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом