КР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыКатуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырды
Чүйдө заманбап цемент завод курулат
25.02.2023 | 00:04
Чүй облусунда 45 млн долларга жаңы заманбап цемент заводу курулат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, долбоор Москвада өткөн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин жыйынында жактырылды. Цемент заводунун курулушуна Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан 45 млн доллар бөлүнөт. Анын кубаттуулугу жылына 1,5 млн тонна цементти түзөт. Буга байланыштуу Кыргызстан жылына 47 млн долларды үнөмдөп, импорттон көз карандысыз болот. Долбоордун алкагында 450 жумушчу орун түзүү каралган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика