Айпери Медет кызы рейтингдик мелдеште коло медаль үчүн күрөшөт

Айпери Медет кызы рейтингдик мелдеште коло медаль үчүн күрөшөт

Айпери Медет кызы Египетте өтүп жаткан рейтингдик мелдеште коло медаль үчүн күрөшөт.

Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында германиялык Франци Рейделтти 11:0 эсебинде утуп алды. Чейрек финалда египеттик Самар Амир Ибрагим Хамза менен күрөштү. Бул кармашта эки спортчу тең биринин артынан бири упай топтоп келе жатты. Жыйынтыгында кыргыз кызы атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады.

Жарым финалда Медет кызы америкалык Кеннеди Алексис Блейддерге 1:12 эсебинде утулуп, коло медаль үчүн күрөшкө чыгат.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Мелдеш 23-февралда башталган, 26-февралда жыйынтыкталат. Турнирдин экинчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн Нуржигит Кенешбек уулу, Ырыскелди Максатбек уулу, Акылбек Талантбеков жана кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы таймашка чыгууда.  Айсулуу Тыныбекова да, Акылбек Талантбеков да  финалга  чыкты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Египеттеги турнирде Акылбек Талантбеков финалга чыкты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>