Чүйдө баңгилабораторияга бөгөт коюлуп, үч жаран кармалды

Чүйдө баңгилабораторияга бөгөт коюлуп, үч жаран кармалды

Чүйдө жана Бишкекте синтетикалык каражаттарды өндүргөн баңгилабораторияга бөгөт коюлуп, үч жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы өлкө аймагына ири өлчөмдөгү психотроптук заттарды алып келүү, даярдоо жана сатуу каналдарына бөгөт коюу боюнча көп этаптуу атайын операция  жүргүзгөн.

«2023-жылдын июнь айында эл аралык баңги тобунун мүчөлөрүн кармашкан. Кармалгандар 2003-жылы туулган Д.Н. жана 2003-жылы туулган С.Т. Чүй облусунун тургундары  болушат. Алардын  унаасынан салмагы 11 килограмм 750 грамм болгон 47 таңгактагы “мефедрон” табылган. Алар аны белгисиз адамдарга сатууну көздөшкөн. Алар жашаган үйдөн “мефедрон” психотроптук затын даярдоочу баңгилаборатория табылган.  Андан аркы ыкчам тергөө иш-чараларында Бишкектен баңгилабораториянын жетекчиси 1995-жылы туулган А.И. кармалган. Ал өндүрүш процессин башкарып, интернет аркылуу чет элдик кураторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, каржы эсебин чыгарып турган. Жогорудагы жаран бир жуманын ичинде баңгилаборатория 40 килограммга чейин психотроптук каражатты өндүрүп турганын айткан», -деп жазылат маалыматта.

Бул ыкчам операциянын натыйжасында республика боюнча 180 миң 200дөн ашык бир жолку дозадагы “мефедрон” жана “экстази” жана башка психотроптук заттардын таратылуусуна бөгөт коюлган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иши жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>