1-октябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу жерлерде карга айланатКыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдө
Бишкекте веложолдорду тазалоого жаңы жабдуулар алынды
27.07.2023 | 09:35
Бишкекте веложолдорду жана тротуарларды тазалоо үчүн жаңы атайын жабдуулар алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, “Тазалык” муниципалдык ишканасы велосипед жолдорун жана тротуарларды жууган атайын техникаларды сатып алды.
“Учурда мэриянын аракети менен борбор калаанын аймагына веложолдор курула баштады. Скутер жана электр велосипед тээп жүргөндөрдүн саны күн сайын көбөйүүдө. Натыйжада ишкананын кызматкерлери веложолдорду жана тротуарларды атайын техника менен жууганга мажбур болушууда”, – деп айтылат маалыматта.
Мэрия белгилегендей, жаңы технологияны колдонуу менен веложолдорду тазалоодо иш алда канча натыйжалуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом