Чүйдө жөө адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Чүйдө жөө адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Чүй облусунда жөө адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 23-ноябрга караган түнү болжол менен саат 00:36да Беловодский айылынын Ленин көчөсүндө 46 жаштагы жаранды белгисиз унаа сүзүп, айдоочу унаасы менен окуя жеринен качып кеткен. Жөө адам жол кырсыгы болгон жерде көз жумган.

Жол милициянын кызматкерлери издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 38 жаштагы А.С. аттуу жаранды кармаган. Ал милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ал эми анын унаасы айып короосуна токтотулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>