Тигүүчүлөр жана электрондук соода менен алектенгендер бирдиктүү салыктан убактылуу бошотулдуНарында ок атуу боюнча жаңы спорттук тир ачылдыКыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректерКылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылдыБишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлат
Мэр Бишкектин тыгын маселесин чечпесе иштен кетет
23.11.2023 | 16:22
Мэр Айбек Жунушалиев Бишкектеги тыгын маселесин чечпесе иштен кетет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал калаа башчысына 2024-жылдын апрель айына чейин убакыт берди.
Депутат Марлен Маматалиев автотыгынды азайтуу үчүн шаарды эки бөлгөн темир жолду кесип өткөн көпүрө жана жолдордун санын көбөйтүүнү сунуштады.
“39 көчөгө ушу темир жолдон өтүү үчүн 9 көчөгө келип тыгылат элек. Дагы бир көпүрө курсак” – деди ал.
Акылбек Жапаров келечекте темир жол шаар сыртына көчөрүн маалымдады.
“Ага чейин кесип өткөн жолдордун санын көбөйтсөк болот. Мэр бир эмес, бешөөнү курам десе дагы акча бөлөбүз”, – деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом