Таласта “Альянс Алтын” жаңы ачылган бала бакчага эмеректерди алып берди

Таласта “Альянс Алтын” жаңы ачылган бала бакчага эмеректерди алып берди

“Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду Таластын Айтматов районундагы Кара-Буура айылында ачылган жаңы бала бакчаны эмеректер менен камсыз кылды. Бул тууралуу “Альянс Алтын” компаниясынан билдиришти.

Бала бакчанын ачылышына облус башчысы Нурлан Дарданов, Айтматов районунун акими Бектур Сагынбаев, “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондусунун директорунун милдетин аткаруучу Батырбек Качкымбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышкан.

Аталган балчанын курулушу жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2021-жылы башталып, пайдубалы тургузулган. Курулуш иштерин бүткөрүү үчүн республика бюджеттен, өнүктүрүү фондуддарынан акча бөлүнгөн.

“Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун директорунун милдетин аткаруучу Батырбек Качкымбаев билдиргендей, фонд Кара-Буура айылынын элинин кайрылуусу боюнча бала бакчага керектүү жабдыктарды алуу үчүн 406 миң сом акча бөлүп берген.

“Биздин “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду ар дайым  Талас облусун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн колдоо көрсөтүп келет. Алардын бири “Эркеле” бала бакчасына эмерек алып берүү болду. 50 орундуу бала бакчадан келечекте элибиздин керегине жараган уул-кыздар тарбияланып чыгат деп ишенебиз”, — деди Качкымбаев.

Облус башчысы Нурлан Дардановдун айтымында, быйыл Талас облусунда 8 бала бакчаны ачуу пландалган. Алардын ичинен төртөө пайдаланууга берилди. Калганы жыл аягына чейин колдонууга берилет. Ал Кара-Буура айылындагы жаңы ачылган бала бакчага эмеректерди алууга көмөк көрсөткөн “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондусуна ыраазычылыгын билдирди .

Эске сала кетсек, “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондусу Талас облусундагы Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан түзүлгөн. 2016-жылдан бери компания аталган фондго 1 млрд 50 млн сом каражат которгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>