23-октябрда өлкөнүн айрым аймактарында күн кескин сууктайтБишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылды
Чүйдө жүргүнчү таксистке бычак сайып, качып кеткен
11.07.2023 | 11:17
Чүй облусунда 11-июлга караган түнү жүргүнчү таксинин айдоочусуна бир нече жолу бычак сайып, качып кеткен. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жүргүнчү таксиге буйрутма берип, Бишкектен Новопавловка айылына айдатып барган. Такси жеткиргенден кийин ал жол кирени мобилдик тиркеме аркылуу төлөгөн. Бир учурда эч себепсиз айдоочуга бычак шилтеп, бир нече жолу уруп жиберген.
Белгилүү болгондой, жүргүнчү унаанын ачкычын алууга аракет кылган. Бирок жарадар болгон таксинин айдоочусу ачкычты алып, качып кеткен. Ачкыч жок болуп калгандан кийин кылмышкер изин жашырып кеткен.
Учурда милиция шектүүнүн өздүгүн тактап, кармоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз